Айыл чарба багытында жаңы инвестициялык долбоорлор иштелип чыгат

Коом 15 сентябрь 2026 11:05
809979315_28065515663147705_7243593416753855766_n.jpg
810052391_4485843525015924_8837063995553947871_n.jpg
810659411_1430023009274885_5888023118150560855_n.jpg
809910048_1425531112804223_5346755670081318203_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Кечээ, 14-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын консультациялык миссиясынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар айыл чарба, азык-түлүк, суу ресурстары жана айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле суу менен камсыздоо, ирригация жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашылды.