Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык: уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өтүүдө — Кабар

Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык: уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өтүүдө

Коом 22 июль 2026 11:50
6a60788f795c1.jpg
6a6078903711c.jpg
6a6078900fe59.jpg
6a60788f71889.jpg
6a60788ec8dec.jpg
6a60788ec09e3.jpg
6a60788e84fbf.jpg
6a60788e5db38.jpg
6a60788e4eca2.jpg
6a60788e12f2e.jpg
6a60788e0eae2.jpg
Алдыга
Артка
6a60788f795c1.jpg
6a6078903711c.jpg
6a6078900fe59.jpg
6a60788f71889.jpg
6a60788ec8dec.jpg
6a60788ec09e3.jpg
6a60788e84fbf.jpg
6a60788e5db38.jpg
6a60788e4eca2.jpg
6a60788e12f2e.jpg
6a60788e0eae2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өтүүдө.

Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери менен жооптуу кызматкерлери катышууда.

Күн тартибине ылайык, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жана маданий иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча иш-чаралар планы жана анын аткарылышы талкууланууда.

Жыйынды ачкан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралардын планы бекитилгенин эскертип өттү.

Ал Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси жогорку уюшкандыкта өткөрүлүшү зарылдыгын айтып, бардык жооптуу мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттерди так жана өз мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө иш-чараларды уюштурууга жооптуу болгон Маданият, маалымат жана жаштар саясаты жана Курулуш министрликтери 100 жылдыктын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасашты.