Айтматов проспектисине асма көпүрөлөр курулат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 11 Сентябрь 2025 12:45
3361321.02d2f74fda6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Чыңгыз Айтматов проспектисинде асма көпүрөлөр курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.

Жыйын учурунда депутат Марат Мураталиев “Ынтымак Ордо” багыты боюнча жол абдан жакшы жасалганын белгилеп, бирок ортодо жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жетишпей жаткандыгын билдирди.

“Жарандар, анын ичинде балдар, автобуска отуруу үчүн аялдамага чейин 2–2,5 чакырым аралыкты басып өтүүдө. Алар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү жасап берүүнү суранып жатышат. Жолу абдан жакшы жасалды, гүлдөр отургузулган, бирок азыр адамдар аларды басып кетип жатышат, анткени өтмөктөр жок. Бул маселени көзөмөлгө алыңыздар”,-деди депутат.

Ал эми Жакыпов буга жооп катары аталган жолдо асма көпүрөлөрдү куруу пландалып жатканын белгиледи.