Айсулуу Мукашеваны өлтүргөн шектүү буга чейин 4 кыздын өмүрүн алганы белгилүү болду

Укук тартиби Загрузка... 15 Октябрь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 27-сентябрда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып, мыкаачылык менен муунтулуп өлтүрүлгөнүн милиция кабарлаган. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

8a72f0ab-336c-42ff-924e-08ddfa911745_cx0_cy25_cw0_w1080_h608.jpg

Айсулуу Мукашеваны өлтүргөн дал ушул 41 жаштагы шектүү зордуктап өлтүрүү боюнча 7 окуяга тиешеси бар экени белгилүү болду. Анда ал 4 кыздын өмүрүн алган. Бул тууралуу ЭЛТР телеканалынын иликтөө материалында айтылат.

10 жыл мурда шектүүнүн айдап жүргөн унаасында бир кыз кордук көрүп, бирок аман калган. Ал кызды башына арматура менен чаап тоноп кеткен. Милиция кызматкерлери “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” фактысы менен кылмыш ишин козгоп, иш Октябрь райондук сотуна жиберилген. Соттун чечими менен айыпталуучу 2016-жылдын 11-февралында 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы төрагалык кылган сот процессинде кылмышкердин жазасы жеңилдетилип, 7 жылга соттолгон. Кийин кылмышкер амнистияга илинип, эркиндикке чыккан. Соттолуучу Кумарбек Абдыровдун жазасын жеңилдеткен соттор 2020-жылдан кийин коррупцияга каршы иштердин алкагында иштен бошотулганы айтылды.

istockphoto-1138187706-612x612.jpg

2014-жылы 13-мартта Бишкекте дагы бир кыздын сөөгү табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыз алгач зордукталып, андан соң тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бирок кылмышкер дайынын таптырбай кеткен. Бул кылмыш ишине Айсулуу Мукашеваны өлтүргөн Кумарбек Абдыров тиешеси бар экендигин мойнуна алып, окуя болгон жерди көрсөтүп бергени белгилүү болду.

2011-жылы 14-мартта Сокулук районунун Орок айыл аймагындагы жол четиндеги айдоо талаасынан дагы бир белгисиз кыздын сөөгү табылган. Ал дайынсыз жоголгон 1989-жылы туулган кыз экени такталган. Ал да кылмышкер тарабынан зордукталып өлтүрүлгөнү аныкталган.

Акыркы окуядан үч жыл өтпөй 2014-жылдын март айында Бишкектин четинде дагы бир кыз ушул кылмышкердин колунан каза тапкан. Ал кыз Камила Дүйшөбаева экени белгилүү болду. Кумарбек Абдыров ошол күндөгү каргашалуу окуяны да сүрөттөп, милицияга төкпөй-чачпай айтып бергенин видеоматериалдан көрүүгө болот.

Маалыматтарга ылайык, кылмышкер алгачкы кылмышын 2006-жылы эле жасаган. Анда ал апасы менен бараткан кыздын телефонун жула качкан. Милиция кызматкерлери тарабынан ал кармалып, 5 миң сом айып төлөп, боштондукка чыккан.