Өкмөт тарабынан өлкөдөгү мамлекеттик кызматтагы бюрократияны жоюу максатында билим берүү жана илим тармагына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Анын ичинде юриспруденция, экономика, менеджмент жана эл аралык мамилелер сыяктуу адистиктер боюнча сырттан окууга мораторий киргизүү сунушу да бар. Ошондой эле санариптик дистанттык билим берүүгө өтүү, чет өлкөлүк ЖОЖдордун PhD даражаларын таанууну жөнөкөйлөштүрүү иштери каралган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда учурда 74 жогорку окуу жайы иш алып барат. Алардын ичинен 34 жогорку окуу жай мамлекеттик, ал эми 40 ЖОЖ жеке менчик болуп саналат.
Ошондой эле өлкөдө 220 миңден ашуун студент билим алып, алардын 80%дан ашыгы мамлекеттик жогорку окуу жайларда окуйт. ЖОЖдордо билим берүүнүн күндүзгү, кечки жана сырттан окуу формалары бар. Мамлекет 2012-жылы Болондук билим берүү системасына өткөндүгүнө байланыштуу жогорку окуу жайларынын көпчүлүгү 4 жылдык “бакалавр” системасынын негизинде иш алып барышат.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты – Эдилбек Амантур уулунун айтуусу боюнча өкмөт, Билим берүү жана илим берүү министрлиги, жогорку окуу жайлары ар бир багыттагы адистиктерди даярдоо боюнча статистика жүргүзүп турушат. Ошондой эле күндүзгү, кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилет.
“Мурун контингенттин санына, билим берүүнүн жылына чектөөлөр киргизилип турчу. 2023-жылдан тарта окуу жайга тапшыруучу студенттердин санына болгон чектөө алынып салынган. Ошондон кийин жогорку окуу жайлары билим берүүнүн бардык формаларына студенттерди чеги жок ала башташкан. Мындан улам дагы юриспруденция, экономика, менеджмент жана эл аралык мамилелер адистиктери боюнча билим алгандардын саны көбөйүп кеткени анык. Мурун күндүзгү бөлүмдө канча студент болсо, сырттан окуу бөлүмүнүн студенттеринин саны ошол сумманын 25% гана түзсүн деген чектөө бар эле. Ал чектер дагы кийин алынып салынгандыктан, жалпы студенттердин саны, анын ичинде сырттан окугандардын саны да абдан көбөйүп кеткен. Андыктан, жогоруда аталган адистиктер гана эмес башкалар да чектелсе демекчимин”, - деп белгиледи адис.

Эдилбек Амантур уулу ошондой эле аралыктан билим берүү боюнча 2014-жылдан тарта сырттан окутуу формасында дистанттык технологиялар менен окутуу ыкмасы колдонулуп келе жатканын кошумчалады.
"Мындайча айтканда экөө бир эле форманы түшүндүрөт. Сырттан окуу дегенде окутуучу менен студент экөө түз байланышта болбойт. Сырттан окутууну чектеп дистанттык технологиялар менен окутуу ыкмасын киргизели деген жаңылыштык. Балким, күндүзгү окутуу формасындагы кээ бир сабактарга дистанттык технологияларды колдонууну күчөтсөк туура болот.
Гипотеза катары айтсам, бул өзгөрүүлөр менен биринчи кезекте кадрларды даярдоо сапаты жакшырат. Күндүзгү окуу бөлүмдөрүндө студент дайыма окууга келип, сабактарга катышып, кандай билим алып жаткандыгы белгилүү болот. Экинчи тарабынан сырттан окутуунун башка дагы сапаттуу ыкмаларын жана жолдорун издөөгө түрткү берет. Муну менен ЖОЖдор башка адистиктерди да ойлонуштуруп аларды жакшыртуунун башка жолдору издеп башташат. Тартипти күчөтөлү деген ой пайда болот”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бул демилге аталган тармактар боюнча адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу зарылдыгынан улам сунушталууда. Студенттердин көптүгүнөн бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу көрсөткүчтөрү төмөн экендиги байкалган. Мындан сырткары, билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу маселеси дагы актуалдуу экендиги айтылат.
Сунушталып жаткан мораторий убактылуу мүнөзгө ээ болуп, билим берүү процессинин сапаты, бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине комплекстүү баа берилгенден кийин жана окуунун жаңы, аралыктан жана салттуу ыкмаларын айкалыштырган, практикалык модулдар сөзсүз түрдө камтылган форматтары иштелип чыкканга чейин күчүндө болот.