Айпери Медет кызы жылдын мыкты спортчу айымы деп табылды

Спорт Загрузка... 29 Декабрь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-12-29 at 15.02.20.jpeg

Бишкек, 29.12.25 /Кабар/. Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жылдын мыкты спортчу айымы деп табылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыялады.

Анда белгиленгендей, агенттик 2025-жылдын мыкты спортчуларын аныктаган. Ага ылайык спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн катарында - жылдын мыкты спортчу айымы наамы - Айпери Медет кызына ыйгарылды.

Ошондой эле, бул жыйынтыктоочу иш-чарада башка номинациялар боюнча дагы бир катар спортчулар мыкты деп аныкталышты.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы быйыл дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеп, Азия чемпионатында жана Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш медалды багындырган.