Аймактык салык органдарынын жетекчилерине семинар өткөрүлдү

Экономика Загрузка... 21 Февраль 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында аймактык салык органдарынын жетекчилери үчүн заманбап санариптик куралдарды колдонуу жана салык мыйзамдарындагы жаңылануулар боюнча эки күндүк окутуу семинары болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, семинарда мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү терең изилдөөгө, ошондой эле салык процесстерин башкаруу, текшерүүлөрдү жүргүзүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү жаатындагы практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар негизги өзгөртүүлөрдү, анын ичинде жеке жактардын айрым категориялары үчүн салык декларациясын милдеттүү түрдө тапшырууну жокко чыгарууну, "нөлдүк отчетторду" берүү зарылдыгын жоюуну, соода тармактары жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн салык жеңилдиктерин киргизүүнү жана башка маанилүү жаңылыктарды кеңири талдап чыгышты. Мындан сырткары, иш-чарада салыктык жөнгө салууну жакшыртууга жана бул тармактагы укук бузуулар менен күрөшүүгө багытталган жаңы мыйзамдын актылары каралды.

Семинар гибриддик форматта өтүп, лекциялык сабактарды, практикалык иштерди жана адистештирилген программалык модулдарды колдонуу менен окутууну камтыды. Мындай формат катышуучуларга жаңы куралдарды натыйжалуу өздөштүрүүгө жана мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен өз иштерин ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берди.

Семинардан алган билимдеринин негизинде Салык кызматынын башкармалыктарынын начальниктери аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүшөт.