Акыркы жылдары Кыргызстанда аймактарды тең салмактуу өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болууда. Өлкө жетекчилиги аймактардагы инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүү аркылуу аймактардын потенциалын толук пайдаланууга багытталган системалуу иштерди жүргүзүлүүдө.

Бул багытта үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Аталган стратегиялык документтин региондорду өнүктүрүү пункттунда 2025-2030-жылдарга өлкөнүн аймактарында өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу региондорду өнүктүрүүнүн кезектеги кадамы болот деп жазылган. Өлкөнүн, анын ичинде аймактардын туруктуу өсүшүн камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет документте белгиленген максаттарга ылайык, өлкө аймактарында аткарылып жаткан иштерге токтолсок.
Өнөр жай
Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөөрү мерчемделген. Облустарга бөлүп карай турган болсок: Чүй облусунда-32, Ош облусунда-22, Ысык-Көл облусунда-19, Нарын облусунда-17, Баткен облусунда-14, Жалал-Абад облусунда-13, Талас облусунда-3 өнөр жай ишканасы ачылмакчы. Мында жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзүп, анын 60 пайызы ички, 40 пайызы тышкы инвестициялар. Жалпы 128 ишкананын 66сы Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилсе, калган өнөр жай объектилери жылдын аягына чейин ачылаарын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.

Энергетика
Акыркы жылдары энергетика тармагында чыныгы жаңылануу доору башталды. 2024-жылы эле өлкө аймагы боюнча Бала-Саруу, Кайнама, Көк-Арт, Ысык-Ата сыяктуу ондогон чакан жана орто ГЭСтер ишке берилди. Ошондой эле кубаттуулугу 1860 мегаваттка жеткен “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Мамлекет тарабынан чакан ГЭСтерди куруу багытына өзгөчө көңүл бурулууда. 2025-жылга карата өлкө аймагында 18 чакан ГЭСти ишке берүү пландалган. Бул өлкөнүн энергетикалык потенциалын арттырып, аймактагы ири энергетикалык борборлордун бирине айлануусуна жол ачмакчы. 2026-жылы өлкө аймактарында 12, 2027 - жылы 14, ал эми 2028 - 2030 - жылдары 5 жаңы ГЭСти колдонууга берүү пландалган. Анткени, өлкө энергетикалык көз карандысыздыктын жана туруктуу өнүгүүнүн бекем негизин түзгөн гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Социалдык өнүктүрүү
Быйылкы жаңы окуу жылына карата өлкө аймагы боюнча 110 курулуш объектиси, анын ичинде 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилерин “Кабар” агенттигине Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкен. Аймактарда мындай социалдык мекемелердин ачылышы өлкө боюнча миңдеген мектеп окуучуларынын жана бөбөктөрдүн билим алуу жана тарбиялануу шарттарын кыйла жакшыртат. Алсак, Чүй облусунда - 2, Баткен облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 24, Ысык-Көл облусунда - 9, Нарын облусунда - 5, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 2 мектеп. Ал эми бала бакчалар боюнча айтсак, Чүй облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 6, Нарын облусунда - 1, ошондой эле Ош облусу - 5.
Мындан тышкары, учурда 51 миң 932 батир өлкөнүн облустарында курулууда. Бул курулуштар 2030-жылга чейин аяктап, турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезек менен берилмекчи.

Транспорт
Учурда өлкө аймактарында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баевтов, Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Ош-Баткен-Раззаков, Балыкчы-Каракол, Суусамыр-Талас-Тараз , Корумду-Балбай-Баатыр, Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкеси, Сафаровка-Барпы сыяктуу приоритеттүү жолдор курулуп, четинен пайдаланууга берилүүдө. Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолундагы кошумча беш курулмада жумуштар жүрүүдө. Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өтүп, көп жылдан бери ишке ашпай келген Ош-Баткен-Раззаков жолу жасалды. Аймактык каттамдарды жакшырткан Түп-Кеген жолу ачылды. Эзели асфальт көрбөгөн Баткен облусунун бийик тоолуу айылы Зардалыга алып барган жол оңдолууда. Андан тышкары, Чар-Кудук жайлоосуна, Каракол тоо лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек көлүнө жана Ысык-Көлдүн пансионаттарына алып барчу жолдор оңдолду. Учурда Арашан, Чуңкурчак, Жыргалаң, “Ала-Тоо Резорт” лыжа базасына жана Кырчын жайлоосуна барган жолдор жасалууда. Кылым курулушу аталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери учурда кызуу уланууда.

Белгилей кетсек, аймактарды өнүктүрүү – бул өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты. Кыргызстанда акыркы жылдары жүргүзүлгөн алгылыктуу саясаттын натыйжасында аймактарда социалдык жана экономикалык активдүүлүк жогорулады. Аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн туруктуу өсүшүнө жана жарандардын жашоо сапатынын жогорулашына салым кошууда. Улуттук программа менен катар кабыл алынган өлкөнүн ар бир облусунун аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландары иштөөдө.