Аймактарда жол белгилери жаңыланууда

Аймак 971 03 Март 2025 12:24
480972817_948645174110896_5768887836082787495_n.jpg
481674390_948645357444211_4484127547849425761_n.jpg
480941771_948645280777552_7054933921102406259_n.jpg
480962787_948645167444230_4092012071981581606_n.jpg
481788350_948645240777556_2204894528999936694_n.jpg
481359392_948645284110885_6789500058688240229_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Жети дубан жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана 2025-жылдын январь-февраль айларында жалпы 1,5 миң жол белгисин чыгарды.

Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан, керектүү материалдардын бардыгы атайын буюртма менен алынып келинүүдө.

Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат.