Аймактарда сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Аймактарда сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-31-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.