Унаа башкаруу эң оболу айдоочудан жоопкерчиликти талап кылат. Бирок айдоочуларды даярдоонун сапатынын деңгээли, коррупциялык көрүнүштөрдүн байма-бай катталышы коомчулукта айдоочулук күбөлүктү оңой эле алса болот деген түшүнүктү калыптандырып койгон. Автомектептерде окугандардын басымдуу бөлүгү документти акчага "окуду" деп сатып алса, айрымдары өз күчү менен тапшырып, айдоочулук күбөлүккө ээ болору коомчулукта айтылып келген. Бул өз кезегинде тармактагы орчундуу маселелерди чечүү үчүн реформанын зарылдыгын көрсөттү. Биз бул ирет айдоочулук күбөлүктү берүүдө коррупцияны жоюп, сапатты жогорулатуу пландары тууралуу сөз кылабыз.

Жол кырсыктарынын статистикасы айдоочулардын билим деңгээлин көрсөтөбү?
Кыргызстанда акыркы 10 жылда 75 миң жол кырсыгы катталган. Бул жылдарда жол кырсыгынын айынан 9120 адам каза таап, дагы миңдеген киши жабыркаган. 2025-жылы 8456 авто кырсык катталыптыр, андан 900 адам каза болуп, 12 миң 169 адам жаракат алган. Бул сандар жол кыймылынын коопсуздугу жаатында көйгөйлөрдү ачык көрсөтүп, олуттуу чараларды көрүү зарылдыгын айгинеледи.
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканованын айтымында, айдоочуларды даярдоо багытына мониторинг жүргүзүлгөндө эң биринчи көйгөй автомектептерде айдоочуларды даярдоо иштеринин төмөндүгү, коррупциялык тобокелдиктер бар экендиги аныкталган.

“Азыр статистиканы карасак, адамдар ооруганга караганда жол кырсыктарынан көбүрөөк жабыр тартып жатышат. Ошондуктан бул маселе азыр кабыргасынан коюлуп, бир жолу чечүү үчүн баштан-аяк системалуу өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында мамлекет тарабынан реформанын алкагында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Автомектептердин билим берүү деңгээлин жогорулатуу, экзамендерди санариптештирүүнүн жардамы менен тапшыртуу өңдүү иштер абалды кыйла жакшыртат деп ойлойбуз. Реформа аркылуу жол кырсыктарын азайтууга, айдоочулардын айдоо маданияты, жоопкерчилигин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет деп күтөбүз”, - деди Нурипа Муканова.
Автомектептердин билим берүү сапатын кайрадан карап чыгууга байланыштуу мектептердин окуу программалары жаңыртылып, айдоочуларды даярдоонун мөөнөтү 10 ай болору белгиленди. Жетиштүү билим алган айдоочу өзүнүн, жүргүнчүлөрдүн жана жолдогу башка адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратпай турганы бышык.
Айдоочулар союзунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов Кыргызстанда автомектептерде 10 айлык окутуунун маанилүүлүгүн айтты.

“Суроолор 200дөн 1700гө чейин жетсе деле окугандар билим деңгээлине жараша экзамен тапшыра алат. 2,5 ай окутуу болгондо деле жыйынтык болушу керек да. Статистика көрсөткөндөй, эксзаменден өткөндөрдүн жыйынтыгы төмөн болуп жатпайбы. Ошондуктан өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар туура деп ойлойм. Жол эрежесин аны окуп-түшүнгөн адам сактайт. Айдоочулардын жоопкерчилигинин төмөндүгү да маселе жаратууда. Азыр кийинки муунга айдоочулук күбөлүк алуу шарттарынын түзүлүп жатканы убакыт өткөн сайын жол кырсыктарын азайтып, адам өлүмүн болтурбоого өбөлгө түзөт”, - деп эсептейт Токтакунов.
Он айлык окуу мөөнөтү кандай өтөт?
- күн сайын сабакка катышууну талап кылбайт,
- окутуу процесси заманбап мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен уюштурулат,
- сабактар жумасына бир нече жолу, анын ичинде онлайн форматта өткөрүлөт,
- теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү толук өздөштүрүүгө бардык шарттар түзүлөт.

Бүгүнкү күндө Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору экзамендик процесстин уюштурулушун, ошондой эле болочок айдоочулардын теориялык билимин текшерүү шарттарын жакшыртууда. Анда санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу менен экзамен тапшыруу жол-жобосу кайра каралып чыкты.
Коррупция менен адам факторун жоюуда жаңы эрежелердин артыкчылыгы:
- тест системасы адам факторун толугу менен жокко чыгарат,
- экзамен автоматташтырылган режимде, сынак алуучулардын катышуусуз өтөт,
- система курсанттын башынын кыймылын көзөмөлдөп турат, эгерде көз экрандан алыстаса, бул сынак тапшыруу тартибин бузуу катары бааланат,
- ноутбуктун камерасына башка адамдардын кириши үчүнчү жактардын кийлигишүүсү катары каралат, тесттин жыйынтыктарын жокко чыгарууга негиз болуп саналат.

Ал эми келечекте экзамендерди 11-классты аяктагандан кийин эле тапшырууга мүмкүн болору айтылууда. Бул келечектеги айдоочуларды эрте жаштан баштап даярдоого жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун туруктуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Президент Садыр Жапаров жеке автомектептердин курсанттары жана директорлору менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелерин бузуудан улам келип чыккан жол кырсыктарын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды кеңири түшүндүрүп берди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, айдоочуларды даярдоо системасында көптөн бери коррупциялык көрүнүштөр катталып келген. Мындан улам жеке автомектептерде экзаменди ийгиликтүү тапшыргандар жалпы билим алгандардын 90 пайыздан ашыгын түзүп калган.
Садыр Жапаров коррупцияга каршы системалуу күрөш башталгандан, көзөмөл күчөтүлгөндөн жана тиешелүү органдарда кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин абал түп-тамырынан бери өзгөрүп, сынакты ийгиликтүү тапшыргандардын саны 18–20 пайызга чейин кыскарганын, бул айдоочулук күбөлүк алууга талапкерлердин даярдык деңгээлин көрсөткөнүн айтты.
“Жеке автомектептерде “под ключ” деген да варианты бар экен. Бул баарыбызга эле жашыруун эмес. 275 автомектептин арасында бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берип эле 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин алып, анан күбөлүк берген мектептер бар. Ушуга чейин күбөлүк сатылып келген фактыларды мисал келтирип айта кетейин, 2015-жылдан 2019-жылга чейин алсак, жеке мектептерден окугандардын 90-95 пайызы экзаменден өтүп кетишкен. 5-10 пайызы эле өтпөй калган. Анткени алар акча бере алчу эмес же бергиси келчү эмес дегендей. Ал эми 2021-жылы болсо биз системаны колго алып, 5-6 жетекчини алмаштырып, коррупция менен күрөшүп баштагандан бери бул көрсөткүч дароо түшкөн. Мисалы, экзаменден өткөндөрдүн саны 28 эле пайызга жетип калган. Ал эми 72%ы өткөн эмес”, - деп айтты өлкө башчысы.
Ошондуктан президент тартипти мындан ары чыңдоо, адам факторун жок кылуу жана сынак системасын тартипке келтирүү менен айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз алуу мүмкүнчүлүгү толук жоюларын, экзамен тапшыруу процесси адилеттүү жана объективдүү болорун белгиледи.

Президент ошондой эле жеке автомектептердин биринин директору 70ке жакын окуу объектисин мыйзамсыз менчиктештирип алганын, алардын бир бөлүгү жеке жактарга берилип, 40ка жакыны жеке пайда көрүү үчүн колдонулганын айтты.
Бул жагдайга байланыштуу мамлекет башчысы аталган автомектептердин бардыгы мамлекеттин балансына кайтарыларын, аларда окутуу процесси он айлык окуу мөөнөтүн караган бирдиктүү талаптарга ылайык уюштуруларын кошумчалады.