Президент: Айдаркенде электр лимити 5 кВтка чейин көбөйөт

Аймак 12 октябрь 2026 22:50
Президент: Айдаркенде электр лимити 5 кВтка чейин көбөйөт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Айдаркен шаарынын тургуну президент Садыр Жапаров менен жолугушууда шаардагы оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүү, мектептин кошумча корпусун куруу жана электр энергиясынын лимитин көбөйтүү маселелерин көтөрдү.

Жарандын айтымында, шаардагы үч кабаттуу оорукана толук капиталдык оңдоого муктаж. Ошондой эле 1176 окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 2 миңден ашык бала билим алып жаткандыктан, кошумча имарат куруу зарылдыгы жаралган.

Мындан тышкары, тургун аймактын катаал климаттык шартын эске алуу менен электр энергиясынын лимитин көбөйтүп берүүнү өтүндү. Анын белгилешинче, учурда үйлөргө 3 киловатт электр энергиясы берилүүдө.

Садыр Жапаров айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма берди. Ал эми энергетика министринин алдына тоолуу аймактын шартын эске алуу менен электр энергиясынын лимитин кеминде 5 киловаттка чейин көбөйтүү маселесин чечүү милдетин койду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык абалына да токтолуп, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир гана ГЭС курулганын белгиледи.

“Анын бир агрегатын азыр коюп жатабыз. 3–4 миллиарддан сатып алып келгенбиз. Эч кандай чара көрбөсөк, 8 миллиардга сатып алууга туура келмек”, — деди Садыр Жапаров.