Агартуу министрлиги: Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйдү

Коом Загрузка... 27 Апрель 2026 17:10
1017941139.webp
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Педагогдор менен катар эле билим берүү уюмдарындагы техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин да эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн Агартуу министрлигинин маалымат жыйынында белгилүү болду.

Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратованын айтымында, бул жолу аталган кызматкерлердин маянасы да көтөрүлдү.

“Кароолчулар 1-апрелге чейин 11 миң 504 сом алып келсе, мындан ары колуна 16 миң 375 сом алышат. Кенже тейлөөчү кызматкерлер 8 миң 448 сом алып келсе, 13 миң 96 сом алып баштайт. Ошондой эле ашпозчу 14 миң 80 сом алып келсе, эми колуна 20 миң 684 сом тиет”, - деп билдирди ал.