Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, бүгүн Афганистандын чыгышында магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу 48 миңге жакын калкы бар Асадабад шаарынан 40 чакырым алыстыкта, 9 км тереңдикте жайгашган.
Аталган аймакта акыркы күндөрү бир нече жолу олуттуу силкинүүлөр орун алды.
Белгилей кетсек, 31-августта Кунар, Лагман жана Нангархар провинцияларында катталган 6 баллдык күчтүү жер титирөө менен афтершоктор көптөгөн айылдарды кыйроого учуратып, саламаттык сактоо системасынын жүгүн көбөйттү. Афган бийлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, зилзаланын кесепетинен 2205 адам каза болуп, 3640 адам жаракат алган.