Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Афганистанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 27ге жетти. Бул тууралуу Bakhtar агенттиги билдиргенин, Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен дагы 730га жакын адам жаракат алган. Жер титирөө Балх, Саманган, Сари-Пуль, Баглан жана Кундуз провинцияларында сезилген.
Балх провинциясында 12 адам каза болуп, 407 адам жаракат алган, Саманганда 11 адам көз жумуп, 270 адам жаракат алган, Сари-Пулда 4 адам каза таап, 12 адам жаракат алган, ал эми Кундуздагы башаламандыктын айынан тыгында 41 студент жаракат алган.
Афганистандагы зилзала Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда да сезилген.