Афганистанда полиомиелитке каршы эмдөө жүрүүдө

Дүйнө Загрузка... 25 Февраль 2025 14:10
WhatsApp Image 2025-02-25 at 09.59.36.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Афганистанда полиомиелитке каршы эмдөө жүрүүдө.

Синьхуа агенттиги билдиргендей, Афганистандын Саламаттык сактоо министрлиги 24-февралдан тартып 4 күндүк эмдөө компаниясы башталгандыгын маалымдаган.

Полиовируска каршы 5 жашка чейинки 6,3 млн бала вакцина алат. Мында балдардын оозуна тамчы тамызылат.

Саламаттык сактоо министри Шарафат Заман Амархил ата-энелерди медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүп, кампанияга активдүү катышууга чакырды.

Өткөн жумада Афганистандын батышындагы Багдис провинциясында полиомиелит оорусу катталгандыгы айтылган.