Адылбек Касымалиевдин Тажикстанга болгон иш сапары соңуна чыкты

Министрлер кабинети 2855 04 Март 2025 22:00
67c7136740a2a-thumb.jpeg
67c7135d84e02-thumb.jpeg
67c71370411a3-thumb.jpeg
67c71379a56e0-thumb.jpeg
67c713a4986c4-thumb.jpeg
67c7138e188fa-thumb.jpeg
67c71397bf741-thumb.jpeg
67c713810cd8c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67c7136740a2a-thumb.jpeg
67c7135d84e02-thumb.jpeg
67c71370411a3-thumb.jpeg
67c71379a56e0-thumb.jpeg
67c713a4986c4-thumb.jpeg
67c7138e188fa-thumb.jpeg
67c71397bf741-thumb.jpeg
67c713810cd8c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Тажикстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуп, соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Рогун гидроэлектростанциясына барды, анда ал Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу контекстинде масштабдуу гидроэнергетикалык объектти куруу тажрыйбасы менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгы боюнча тараптар жетишилген макулдашууларга канааттангандыгын билдирип, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даярдыгын ырасташты.