Адылбек Касымалиев Жаратылыш министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Министрлер кабинети 16 Февраль 2026 18:28
634444558_1346694974152322_8062527918933880667_n (1).jpg
633901748_1346694920818994_3054239500567074511_n (1).jpg
634831138_1346694944152325_7099236697057693292_n (1).jpg
634633942_1346694957485657_8278050151918529580_n.jpg
635551634_1346694917485661_6082264177963871371_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министрдин милдетин аткаруучу Акыл Токтобаевди тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Акыл Токтобаевдин бул кызматка дайындалышы өлкө жетекчилигинин ага болгон чоң ишеними экенин баса белгиледи. Ал жаңы жетекчи өзүнүн кесиптик тажрыйбасы жана башкаруучулук сапаттары менен ведомствонун алдындагы масштабдуу милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыра аларына ишеним билдирди.

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн сунушталды.