Касымалиев Ысык-Көлдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинети 13 Март 2026 15:25
69b3c1c83d23b-thumb.jpeg
69b3c1cf6e6a0-thumb.jpeg
69b3c1c4e829a-thumb.jpeg
69b3c1c95eff3-thumb.jpeg
69b3c1c5119ea-thumb.jpeg
69b3c1c253092-thumb.jpeg
69b3c1cc6b8aa-thumb.jpeg
69b3c1d6e41d0-thumb.jpeg
69b3c1d52f974-thumb.jpeg
69b3c1d924432-thumb.jpeg
69b3c1dec9a03-thumb.jpeg
69b3c1dec91af-thumb.jpeg
69b3c1e4b4845-thumb.jpeg
69b3c1e7dfbfb-thumb.jpeg
69b3c1e8e6360-thumb.jpeg
69b3c1e13d6b5-thumb.jpeg
69b3c1e35c412-thumb.jpeg
69b3c1e664bc2-thumb.jpeg
69b3c1e92217e-thumb.jpeg
69b3c1e392910-thumb.jpeg
69b3c1eb6b384-thumb.jpeg
69b3c1ed71dca-thumb.jpeg
69b3c1efcdd83-thumb.jpeg
69b3c1f1e7b92-thumb.jpeg
69b3c1f4b4f6d-thumb.jpeg
69b3c1f9c1c4a-thumb.jpeg
69b3c1f021236-thumb.jpeg
69b3c1f300277-thumb.jpeg
69b3c1f634710-thumb.jpeg
69b3c1f807591-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69b3c1c83d23b-thumb.jpeg
69b3c1cf6e6a0-thumb.jpeg
69b3c1c4e829a-thumb.jpeg
69b3c1c95eff3-thumb.jpeg
69b3c1c5119ea-thumb.jpeg
69b3c1c253092-thumb.jpeg
69b3c1cc6b8aa-thumb.jpeg
69b3c1d6e41d0-thumb.jpeg
69b3c1d52f974-thumb.jpeg
69b3c1d924432-thumb.jpeg
69b3c1dec9a03-thumb.jpeg
69b3c1dec91af-thumb.jpeg
69b3c1e4b4845-thumb.jpeg
69b3c1e7dfbfb-thumb.jpeg
69b3c1e8e6360-thumb.jpeg
69b3c1e13d6b5-thumb.jpeg
69b3c1e35c412-thumb.jpeg
69b3c1e664bc2-thumb.jpeg
69b3c1e92217e-thumb.jpeg
69b3c1e392910-thumb.jpeg
69b3c1eb6b384-thumb.jpeg
69b3c1ed71dca-thumb.jpeg
69b3c1efcdd83-thumb.jpeg
69b3c1f1e7b92-thumb.jpeg
69b3c1f4b4f6d-thumb.jpeg
69b3c1f9c1c4a-thumb.jpeg
69b3c1f021236-thumb.jpeg
69b3c1f300277-thumb.jpeg
69b3c1f634710-thumb.jpeg
69b3c1f807591-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты.

Алгач Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барды. Оорукананын негизги имараты 1968-жылы курулуп, 550 орунга ылайыкталган. Адылбек Касымалиев реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, бар болгон жабдуулар жана бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты.

Андан соң 350 орундуу жаңы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жаңы оорукананын имараты 8 блоктон турат. Долбоорду 2027-жылы бүтүрүү күтүлүүдө. Минкаб башчысы бул медициналык мекеменин бүткүл облус үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батирлерди бөлүп берүүнү, ошондой эле кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, сапардын алкагында ага Каракол шаарында КМШ өлкөлөрү жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору боло ала турган эл аралык медициналык кластерди куруу долбоору тааныштырылды. Долбоор диагностиканын жана дарылоонун алдыңкы технологияларын өнүктүрүүгө, онкология жана кардиология боюнча адистештирилген борборлорду түзүүгө, алдыңкы чет элдик адистерди тартууга, ошондой эле заманбап медициналык билим берүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо системасын түзүүгө багытталган. Долбоордун баасы - 150 миллион АКШ долларын түзүп, 510 орунга ылайыкташкан. 750гө жакын жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле минкаб башчысы Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун чумага каршы бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Мекеменин имараты 1894-жылы курулган. Лабораториялык база биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп бербейт. Сапардын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө жаңы имарат куруу жана бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын мындан ары жаңыртуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облустук соттук-медициналык экспертиза бюросуна барды. Мекеме 1897-жылы курулган имаратта жайгашкан жана авариялык абалда. Бюродо үч бөлүм иштейт. Бул жактын абалы менен таанышкан соң, тиешелүү мамлекеттик органдарга мекеменин инфраструктурасын модернизациялоо, анын ичинде жаңы имарат куруу жана керектүү жабдууларды сатып алуу маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.