Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга иш сапары менен келди

Министрлер кабинети Загрузка... 04 Март 2025 11:01
25034_1741063859_lg.jpeg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстандын Душанбе шаарына келди.

Аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.

Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.