Адылбек Касымалиев баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер тоого чыгышты

Министрлер кабинети 2091 24 Январь 2026 17:07
69749e0f3db96-thumb.jpg
69749e0ab85a0-thumb.jpg
69749e0ba5292-thumb.jpg
69749e0bf38ae-thumb.jpg
69749e0d1081f-thumb.jpg
69749e0e07e87.jpeg
69749e1a6166c-thumb.jpg
69749e116bd11-thumb.jpg
Алдыга
Артка
69749e0f3db96-thumb.jpg
69749e0ab85a0-thumb.jpg
69749e0ba5292-thumb.jpg
69749e0bf38ae-thumb.jpg
69749e0d1081f-thumb.jpg
69749e0e07e87.jpeg
69749e1a6166c-thumb.jpg
69749e116bd11-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттин администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына жөө жүрүшкө чыкты.

Иш-чара сергек жашоого үндөө, мамлекеттик кызматкерлердин арасында командалык маанайды бекемдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана ички туризмди өнүктүрүүгө көңүл буруу максатында уюштурулду.

Жөө жүрүштө Адылбек Касымалиев активдүү эс алуунун баалуулуктарын жайылтууда жетекчилердин жеке үлгүсү маанилүү экенин белгиледи. Жөө жүрүшкө катышкандар парктын корголуучу аймагынын инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышып, өлкөнүн жаратылыш мурастарын кылдаттык менен башкарууга байланышкан маселелерди талкуулашты.