Жеңил атлетчи Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк мелдеште эки медаль утту

Спорт Загрузка... 27 Апрель 2026 09:35
683494375_18405346258196946_7075721460782045959_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Жеңил атлетчи Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк Гран-при мелдешинде эки медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы эл аралык мелдеште спорттун эки түрү боюнча байгелүү орундарды ээледи.

Спортчу ядро түртүү боюнча 3-орунду, ал эми диск ыргытуу боюнча 2-орунду камсыздады.

Белгиленгендей, Марокконун Рабат шаарында 19–26-апрель күндөрү жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при мелдеши өттү.