Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ош шаарында "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбооруна катышты.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарын күнү бою жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коштоп, алар Ош облусуна болгон иш сапары менен таанышып, социалдык объектилердин курулушунун абалын жана жүрүшүн, ошондой эле жер-жерлерде мамлекеттик социалдык демилгелердин ишке ашырылышын текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Улан Маматкановдун иш графиги Ош шаарында "Бала ырысы" жөлөк пулун дайындоо жана калкка берүү маселелерине арналган жыйын менен башталды. Жыйында жөлөк пулду дайындоонун уюштуруу механизмдери, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле калкты социалдык колдоо боюнча жаңы чараларды ишке ашырууга тийиштүү мамлекеттик органдардын даярдыгы каралды.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары тийиштүү мамлекеттик органдарга "Бала ырысы" жөлөк пулун калкка берүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Маматкановдун иш күнү Т. Сатылганов атындагы эс алуу паркында уюштурулган Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышуу менен уланды. Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары балдарды 1-июнь менен куттуктап, бактылуу балалык каалады.
"Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 715 миң бала бар. Бул: 2 миллион 715 миң кыял, 2 миллион 715 миң талант, 2 миллион 715 миң тагдыр. Бала – бул өлкөнүн келечеги гана эмес, азыркы учуру да. Балдарга болгон инвестиция ар дайым күчтүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекетке болгон инвестиция болуп саналат. Биздин балдардын балалыгы бакубат жана бактылуу болсун", - деди ал.
Көчмө программанын алкагында социалдык жана билим берүү инфраструктурасы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Улан Маматканов 1200 орундуу С. Жигитов атындагы №2 орто мектебинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров мектеп курууга капсула салган. Курулуш иштеринин мөөнөтүн так сактоо, инфраструктуралык чечимдердин сапаты жана окуу үчүн заманбап шарттарды камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ош шаардык клиникалык ооруканасына барып, медициналык мекеменин иши, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар, ошондой эле 300 орундуу кошумча корпустун курулуш иштери менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана курулуш иштерин өз убагында бүтүрүү маселелери талкууланды.
Программанын өзүнчө бөлүгү социалдык контракт механизмин ишке ашыруу менен таанышуу болду. Журналисттер тобу менен бирге Улан Маматканов Оштун тургунунун тигүү буюмдарын жасоо боюнча өз ишин ачуу үчүн программанын алкагында 150 миң сом алган бизнес долбоору менен таанышты.
Иш күнүнүн жыйынтыктоочу бөлүгү Ош шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгына баруу менен коштолду, ал жерде ЖМК өкүлдөрү мекеменин учурдагы иши, калкка социалдык кызмат көрсөтүү системасы жана жарандарды даректүү колдоо механизмдери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.