"Ачык кабинет": Касымалиев Канттагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Аймак Загрузка... 13 Май 2026 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кант шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын көп кабаттуу турак жайларынын курулушу менен таанышты.

Төрага аталган курулушка “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында барды.

Маалым болгондой, учурда жети кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплексинин курулушу жүрүүдө. Жалпысынан комплексте 5250 батир каралган. Долбоор жайгашкан жер тилкесинин аянты 60 гектарды түзөт.

Андан сырткары, аянтта 5340 унаа оруну, коммерциялык, жер алдындагы жайлар жана балдар аянтчасы каралган.

Аталган турак жайларды ээлерине 2027-жылы тапшыруу пландалууда.

Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырууда.