Бишкек, 11.07.25./Кабар/. Америкалык Archer Aviation компаниясы Абу-Дабиде Midnight деп аталган аэротаксини учуруп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Аль-Батин аэропортунда ишке ашырылган учуруу Abu Dhabi Aviation (ADA) авиакомпаниясы менен өнөктөштүктүн алкагында БАЭнин борборунда аба таксилеринин коммерциялык иштешине карай жасалган кадам болуп калды.
Сыноо атайын БАЭнин экстремалдык шарттарында өткөрүлдү. Мында температура, нымдуулук жана абадагы чаң бөлүкчөлөрү эске алынды. Аба ырайынын бул факторлору Жарандык авиациянын башкы башкармалыгынан (GCAA) учууга жарактуу делген сертификаттарды алууга жана андан кийин аймактагы кызматты коммерциялык ишке киргизүү үчүн абдан маанилүү. Алдыда кошумча маалыматтарды чогултуу үчүн тест программасын кеңейтүү пландалып жатканы айтылды.
Archer БАЭде төрт орундуу учуучу таксилерди ишке киргизген биринчи компания болуп калмакчы. Компания ADA`га пилоттордун жана инженерлердин командасын, ички программалык инфраструктураны жана шаардык аба мобилдүүлүгүн колдоо үчүн интерфейстик тиркемелерди берүүнү пландоодо.
Компаниянын айтымында, Midnight БАЭнин ири шаарларынын ортосундагы жол жүрүү убактысын жер үстүндөгү транспортко салыштырмалуу 3-6 эсеге кыскартат. Жаңы транспорттун кызматтары кадимки таксиге караганда кеминде 30% кымбат болору айтылууда. Дубай менен Абу-Дабинин ортосундагы каттамдын баасы 800дөн 1500 дирхамга чейин (болжол менен 17-32 миң сом) болушу мүмкүн. Буга чейин Дубайда 2026-жылга чейин аба таксилери ишке киргизилери убадаланган.