Абу-Дабиде Кыргызстан менен БАЭнин миграциялык кызматташтыгы талкууланды

Саясат 1541 17 Апрель 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-04-16 at 14.28.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-16 at 14.31.18.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-16 at 14.28.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-16 at 14.31.18.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. 15-апрелде Абу-Даби шаарында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык миграция кызматынын штабынын жетекчилиги менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууга БАЭнин Федералдык миграция кызматынын штабынын башчысы Саид Аль-Амри жана Федералдык миграция кызматынын виза маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Аль-Хамли катышты.

Тараптар миграция тармагындагы жана виза багытындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Эки мамлекеттин жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл эки өлкөгө кирип/чыгуу процедураларын жеңилдетүү маселелерине бурулду.

Мындан тышкары бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды.