Абу-Дабиде Армениянын премьер-министри менен Азербайжандын президенти жолукту

Дүйнө Загрузка... 11 Июль 2025 09:00
1a8bff59-bed2-4cda-b786-64d4a0546c1d.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Абу-Дабиде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жолукту. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында айтылат.

Анда белгиленгендей, күн мурун Армениянын премьер-министри менен Азербайжандын президенти Абу-Дабиде жолугуп, Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди талкуулашты.

Өлкө жетекчилери сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоо процессиндеги жылыштарды белгилеп, бул багытта практикалык иштерди улантууну тиешелүү мамлекеттик комиссияларга тапшырышканы айтылды.

Мындан тышкары, алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана эки өлкөнүн ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларын улантууну макулдашканы белгилүү болду.

Армения премьер-министри менен Азербайжандын президенти Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайянга меймандостугу жана эки тараптуу жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык да билдиришкен.