Абдыжапаров: ШКУ кинофестивалы дүйнөлүк кинофорумга айланарына ишенем

ШКУ Загрузка... 17 Июль 2026 09:20
IMG_5857.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын эл аралык калыстар тобунун төрагасы, белгилүү кыргыз режиссеру, сценарист жана продюсер Эрнест Абдыжапаров бул фестиваль маданий алмашуу үчүн гана эмес, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн да маанилүү аянтчага айланарына ишенимин билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чаралардын мааниси киноиндустриянын алкагынан кыйла ашып түшөт.

"Бул фестиваль жөн гана маданий кызматташтыктын аянтчасы эмес. Ал дүйнөдөгү көптөгөн саясий жана экономикалык процесстерге таасир эте аларына ишенем. Маданият ар дайым элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн пайдубалы болуп келген, ал эми андан кийин кызматташтык жана өнүгүү келет", - деп белгиледи Абдыжапаров.

Ал фестиваль андан ары өнүгүп, географиясын кеңейтип, барган сайын көп өлкөлөрдүн башын бириктирет деген үмүтүн билдирди.

"Биз маал-маалы менен эмес, жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдө жолугушуп турабыз деген үмүттөмүн. Аз-аздан бул фестиваль жөн гана ШКУ өлкөлөрүнүн иш-чарасы эмес, бүткүл планетадагы адамдарды бириктирген дүйнөлүк кинофорумга айланат", - деди ал.

Эрнест Абдыжапаров кино искусствосу аркылуу фестивальды өнүктүрүүгө жана эл аралык маданий диалогду чыңдоого жеке салымын кошууга даяр экенин баса белгиледи.

"Бул фестиваль биздин жалпы, гүлдөп-өскөн дүйнөбүздүн адамдарын, өлкөлөрүн жана маданияттарын бириктирип турушу үчүн баарыбыз биргеликте анын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошот болушубуз керек", - деп жыйынтыктады эл аралык калыстар тобунун төрагасы.