"Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун ишке ашырылышы талкууланды

Экология 05 Август 2026 17:35
photo_5447133943384709218_y.jpg
photo_5447133943384709221_y.jpg
photo_5447133943384709222_y.jpg
photo_5447133943384709220_y.jpg
photo_5447133943384709219_y.jpg
photo_5447133943384709216_y.jpg
photo_5447133943384709215_y.jpg
photo_5447133943384709214_y.jpg
photo_5447133943384709213_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5447133943384709218_y.jpg
photo_5447133943384709221_y.jpg
photo_5447133943384709222_y.jpg
photo_5447133943384709220_y.jpg
photo_5447133943384709219_y.jpg
photo_5447133943384709216_y.jpg
photo_5447133943384709215_y.jpg
photo_5447133943384709214_y.jpg
photo_5447133943384709213_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун ишке ашырылышын караган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрдин биринчи орун басары, жетектөөчү комитеттин төрагасы Жеңиш Сейдалиев төрагалык кылды.

Анда жыл башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы каралып, долбоордун ишке ашырылышына кеңири талдоо жүргүзүлдү.

Жетектөөчү комитеттин төрагасы иштин натыйжалуулугун баалоодо негизги көрсөткүч отчеттор эмес, эл сезе турган реалдуу жыйынтык болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы айрым кемчиликтерге көңүл бурулуп, иштин темпин күчөтүү, мамлекеттик органдардын өз ара координациясын жакшыртуу жана белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын соңунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын күчөтүү жана бардык жооптуу мамлекеттик органдар менен өнөктөштөрдүн биргелешкен ишин активдештирүү зарылдыгы белгиленди.