Абанын сапатын жакшыртуу: Бишкек жана Чүйдө жеңилдетилген насыялар берилет

Экология Загрузка... 19 Июнь 2026 16:35
1766097738.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын тургундары жеңилдетилген насыя ала алышат.

Мэриядан билдиришкендей, насыя Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундарына дагы берилет.

Каржылоо өлкөнүн ири банктары - "Элдик Банк", "АБанк" жана "Бакай Банк" аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоордун шарттарына ылайык, жеңилдетилген насыялар жарандар үчүн да, жабдууларды жеткирүүчү ишкерлер үчүн да өз-өзүнчө ыңгайлуу тартипте каралган.

Калк үчүн каржылоо шарттары:

  • насыянын суммасы – 1 млн сомго чейин;
  • насыялоо мөөнөтү – 60 айга чейин;
  • пайыздык чен – жылдык 6%.

Жабдуу жеткирүүчүлөр үчүн каржылоо шарттары:

  • насыянын суммасы – 5 млн сомго чейин;
  • насыялоо мөөнөтү – 60 айга чейин;
  • пайыздык чен – жылдык 10%.

Жеңилдетилген каржылоо төмөнкү жабдууларды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга берилет:

  • ар кандай конфигурациядагы жылуулук насостору;
  • имараттарды муздатуу жана кондициялоо үчүн жылуулук насостору;
  • электр казандары;
  • инфракызыл керамикалык жылыткычтар жана радиаторлор;
  • имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн күн жылуулук коллекторлору;
  • күн фотоэлектрдик панелдери (PV) жана энергия топтоо системалары;
  • электр энергиясы жана башка таза энергия булактары менен иштеген генераторлор жана аккумулятордук батареялар.