Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоору ишке ашырылууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, долбоор Финансы министрлиги жана эл аралык донорлордун колдоосу менен иштелип чыккан.
"Анын алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары заманбап жылытуу системаларын сатып алуу жана орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат", - деп айтылат маалыматта.
Жеңилдетилген каржылоо "АБанк", "Элдик Банк" жана "Бакай Банктар аркылуу жылдыз 6 пайыз менен 1 млн сомго чейин берилүүдө. Төлөө мөөнөтү 5 жыл. Бул каражатка жарандар жылуулук насосторун, электр казандарын, инфракызыл керамикалык жылыткычтарды жана күндүн жылуулук системаларын сатып ала алышат.
Ошондой эле жарандар турак жайларын газдаштыруу үчүн 150 миң сомго чейинки насыяны болгону 3% менен ала алышат (буга чейин үстөк пайыз 8%ды түзчү).
Долбоор ошондой эле өлкөдө абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү инфраструктураны жаңылоого, турак жайларды жылытууда жашыл технологияларды жайылтууга жана парник газдарын кыскартууга багытталган. Бул чаралар атмосферанын булгануу деңгээлин төмөндөтүп, калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзөт.