Абакиров Индонезия элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

WhatsApp Image 2025-12-01 at 15.22.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-01 at 15.22.49.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-01 at 15.22.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-01 at 15.22.49.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Индонезиянын Кыргызстандагы (резиденциясы Ташкент шаарында) жаңыдан дайындалган элчиси Сити Рухайни Дзухаятинден ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары боюнча пикир алышып, саясий диалогду мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө жалпы умтулуу билдирилди.

Тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн жана туруктуу саясий консультациялар механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары жаңы элчиге дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.