АӨБ Бишкекти экологиялык транспорт менен камсыздоону колдойт - Масато Канда

Экология Загрузка... 20 Ноябрь 2025 18:08
WhatsApp Image 2025-11-20 at 17.52.51.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы Бишкекти экологиялык транспорт менен камсыздоону колдойт. Бул тууралуу аталган банктын президенти Масато Канда маалымат жыйында билдирди

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкекке 120 электробус алынды. Электр энергиясы менен кубатталган бул автобустар чыгашаны азайтып, абанын сапатын жакшыртып, шаар ичиндеги жүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жатат. Долбоор аял айдоочуларды колдогон атайын окутуу программаларын да камтыйт.

“Бишкекте ишке кирген электробустар экологиялык жактан таза, жарандар үчүн жеткиликтүү жана инклюзивдүү транспорт системасын өнүктүрүүгө салым кошот.
Электробустар абанын булганышын азайтып, экологияга зыяны жок. Алар кичинекей балдардан тартып, карыяларга, аялдарга жана майыптыгы бар жарандарга чейин ыңгайлуу транспорт. Айрыкча пандустар жана кең эшиктер жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Бул жарандарга кам көрүү менен айлана-чөйрөнү коргоонун айкалышкан эң жакшы мисалы”,- деди ал.

Масато Канданын белгилешинче, мындай экологиялык жана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду өлкөнүн башка аймактарында да ишке ашырууга болот.