Бишкек, 25.01.26. /Кабар/. “Аалам Строй” курулуш компаниясынын лицензиясы үч айга токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, Бишкекте курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүү учурунда “Аалам Строй” ЖЧКсына таандык Анкара көчөсү 2, 3/6 жана 3а даректеринде курулуп жаткан турак жай комплексинин ондон ашык блогунда бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулгандыгы аныкталган.
Ошондой эле компания объекттин курулуш этаптарын жеке лабораторияларда текшерткендиги белгилүү болгон.
Мындан тышкары, курулуш объектисиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган.
Буга байланыштуу “Аалам Строй” ЖЧКсына 3 млн сомдук айып пул салынып, комиссиянын чечими менен лицензиясы 90 күнгө токтотулду.