878 бейтап дарылануу үчүн Газадан Египетке барды

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2025 11:21
WhatsApp Image 2025-02-26 at 07.57.58.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. 878 бейтап дарылануу үчүн Газадан Египетке барды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алар Газа тилкесинен Египетке Рафах өткөрмө бекети аркылуу чыгышты.

Бейтаптардын жанында коштоп жүргөн 2400 адам да бар экени айтылды.

Ошондой эле египет тараптан палестиналык анклавга 150 миң тонна гуманитардык жардам жана 20 миң чатыр жекирилгени кошумчаланды.