Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. 8-мартты утурлай Түркия 75 млн гүл сатты.
“Анадолу” агенттиги маалымдагандай, өткөн жылга салыштырмалуу гүлгө болгон суроо-талап майрамга карата 10%га өскөн. 75 млн гүл 34 мамлекетке жөнөтүлгөн. Айрыкча гүлдөр Нидерланддар, Улуу Британия, Германия, Болгария, Россия, Украина жана Румынияга импорттолгон.
“Биздин аял кызматкерлерибиз 60 миң гектар жерде өстүрүлгөн гүлдөрдү сүйүүсү жана камкордугу менен чогултуп, таңгактап жатышат. Бул гүлдөр дүйнөнүн бардык аялдарына кубаныч жана жылмаюу тартуулайт”, - дейт Декоративдүү өсүмдүктөрдү жана продукцияларды экспорттоочулар ассоциациясынын жетекчиси Исмаил Йылмаз.