Алыш күрөшү боюнча эл аралык турнирге 8 өлкөнүн балбандары катышууда

Спорт 2130 26 Март 2026 15:00
656884960_955076863532198_1062011611432588128_n.jpg
657280370_955077206865497_5434851349079033968_n.jpg
657331799_955077200198831_1258033748018016413_n.jpg
657542761_955077173532167_3596614890347233325_n.jpg
657677564_955077113532173_6310263928513515242_n.jpg
658394281_955077236865494_3718616993208368686_n.jpg
658951003_955077223532162_1983983558237811355_n.jpg
659144382_955077166865501_3570066506353410217_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнир Алыш эл аралык федерациясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия жана Нидерланд мамлекеттеринен келген 150 балбан күч сынашууда.

Ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Баяман Эркинбаевдин жакындары катышты.