Бишкекте 7,5 млн сомдук алдамчылык боюнча төртүнчү шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 14 Ноябрь 2025 11:10
583909487_1134871158812331_7147875458791199738_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү кибер алдамчылык боюнча төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, У.К. аттуу жаран милицияга кайрылып, өздөрүн УКМК жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган жарандар ири суммадагы акчасын алып, алдап кетишкенин билдирген.

Бул кылмыш иши боюнча мурда үч шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү төртүнчү 1992-жылы туулган Р.Т. аттуу жаран кармалды. Ал мурда бир нече жолу уурулук, каракчылык, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча бир нече кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондугун аныкталган.

Мындан тышкары, тергөөдө Р.Т. Telegram мессенджери аркылуу алдамчылык операцияларын жүргүзүп, жалпы суммасы 1 млн сомдон ашкан уурдалган акча каражаттарын которгондугу аныкталган.

Белгилей кетсек, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө бөлүмү 7,5 млн сомун алдаткан У.К. аттуу жарандын арызы боюнча кибер алдамчылыктын бардык катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.