Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Нарын шаарында фасаддык курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен "Нарын Фасад өндүрүштүк ишканасы" түзүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкана 2025-жылдын сентябрында түзүлүп, ага 70 млн сом инвестиция салынган.
Ишканада полимердик клей, жаракага туруктуу клей, шпаклёвка жана суюк мрамор өндүрүлөт. Өндүрүштүн кубаттуулугу суткасына 8-10 миң чарчы метрге чейин фасаддык материал чыгарууга эсептелген.
Компанияда 100гө жакын жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Ишкананын негизги максаты - курулуш тармагын сапаттуу жана заманбап фасаддык материалдар менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү.