Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Бишкектин Жал кичи районунда 6-кабаттан кулап, №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыздын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган ооруканадан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда бейтаптын абалы туруктуу оор бойдон калып, жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Күн мурун кыздын башы компьютердик томографиядан өткөрүлгөн. Колуна операция жасалышы зарыл, бирок наристе өзүнө келмейинче, аны жасоо мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин бейтапта баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жаракаттары аныкталган.
5-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кыздан кабар алган. Анын катышуусунда профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын консилиуму өткөрүлгөн.
Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам энеси окуя болгон жерде, ал эми бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.