4 миңден ашык атактуулар израилдик кинокомпаниялар менен кызматташуудан баш тартты

Дүйнө Загрузка... 12 Сентябрь 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-09-12 at 12.27.51.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек 12.09.25. Кабар/. 4 миңден ашык атактуулар израилдик кинокомпаниялар менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу Анадолу агенттиги маалымдады.

Агенттиктин билдиришинче, алардын арасында дүйнөгө белгилүү актер, режиссёр жана продюсерлер, анын ичинде "Оскар", BAFTA, "Эмми" жана Канн кинофестивалдарынын жеңүүчүлөрү да бар.

Биргелешкен документке 8-сентябрда Оливия Колман, Марк Руффало, Риз Ахмед, Тильда Суинтон, Хавьер Бардем жана Сюзан Сарандон сыяктуу атактуу актёрлор, ошондой эле режиссёрлор Йоргос Лантимос, Ава ДюВерней жана Адам Маккей, жалпы 1300дөн ашык адам кол койгону белгилүү болгон.

Андан көп өтпөй Хоакин Феникс, Эмма Д'Арси, Эрик Андре, Руни Мара, Гай Пирс, Эндрю Гарфилд, Эмма Стоун жана Эллиот Пейдж сыяктуу көптөгөн атактуу инсандар да Израилдин кинокомпаниялары менен иштешүүдөн баш тартышканын жарыялап, биргелешкен текстке кол коюшту.

"Газада адамдар каза болуп жаткан учурда катышуучу болуп калбоо үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле алар Израилдин кино өндүрүшүнөн чыккан тасмаларды көрсөтпөөгө милдеттенишерин да белгилешкен.