350 балбан, 30 комплект медаль: Азия чемпионатынын программасы жарыяланды

Спорт Загрузка... 02 Апрель 2026 16:22
603934982_3668933383249834_4740619079089262584_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. 6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык" аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.

Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • 6–8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
  • 8–10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
  • 10–12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын өлкөнүн мыкты балбандары коргойт, грек-рим күрөшү боюнча 10, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан күч сынашат.