28-29-майда Астанада V Евразиялык экономикалык форум өтөт

Экономика Загрузка... 22 Май 2026 12:30
WhatsApp Image 2026-05-22 at 09.20.59 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. 28-29-майда Астана шаарында V Евразиялык экономикалык форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, форумга Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышат. Форум “Глобалдык санариптик жарыштагы ЕАЭБ: жасалма интеллектке басым” темасында өтөт.

Иш-чаранын алкагында бизнес чөйрөсүнүн практикалык маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Компаниялардын өнүгүүсү үчүн атайын көргөзмө-жарманке жана мазмундуу ишкердик программасы пландаштырылган.

Ошондой эле форум Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына арналган.

Элимбек Каныбек уулу белгилегендей, ЖЕЭКтин отурумунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана биримдиктин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсүн кароо пландаштырылат.

“Күн тартибиндеги негизги темалардын бири Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүүнү талкуулоо болот. Мамлекет башчылары ошондой эле 2021–2025-жылдар аралыгында ЕАЭБдин негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө карата мамилелерди ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин карашат”, - деди ал.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, бажы жөнгө салууну өркүндөтүү маселелерин, биримдиктин бюджеттик саясатын жана ЕАЭБ органдарынын 2025-жылдагы тышкы аудитинин жыйынтыктарын талкуулашат.

"Жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар чечимдерди кабыл алуу жана документтерге кол коюу күтүлүүдө", - деди Элимбек Каныбек уулу.