Баткенде 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Р6 каналы оңдолууда

Аймак 04 Февраль 2026 11:11
627374085_1437875931039191_6438216611356888329_n.jpg
627677444_1437875884372529_7814872423968005795_n.jpg
627365084_1437875777705873_2848310751068732976_n.jpg
627365084_1437875844372533_3304683073304748658_n.jpg
627382744_1437875771039207_1787026852473085858_n.jpg
627393600_1437875847705866_7723253349407294605_n.jpg
627395581_1437875974372520_1642884960845476343_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Баткен районундагы Р6 каналы капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сугат каналынын жалпы узунду 15,500 чакырымды түзөт. Буга чейинки сыйымдуулугу 3,7 куб болгон сугат каналы оңдоп-түзөөдөн соң 4,8 кубка көбөйөт.

Натыйжада, 2600 гектар жерге суу берүү жакшырат, андан сырткары 300 гектар жерди жаңыдан өздөштүрүү пландалып жатат.

Курулушка республикалык бюджеттин эсебинен 463 млн сом каралган. 2026-жылдын январь айында башталган курулуштун сугат мезгилине чейин 1- этабы, сугат мезгилинен кийин 2-этабы жүрөт.