2026-жылы социалдык объекттердин курулушуна 17,8 млрд сом каралды

Жогорку Кеңеш 14 октябрь 2026 11:50
2026-жылы социалдык объекттердин курулушуна 17,8 млрд сом каралды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 509 социалдык объекттин курулушуна 17 млрд 818 млн сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары, Кыргызстандын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен Курулуш министрлигине социалдык-маданий багыттагы 72 объектти курууга жана оңдоп-түзөөгө жалпы 22 млрд 745 млн сом каралган.

"Бул каражаттар өлкө боюнча социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жарандар үчүн билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Өзгөчө көңүл билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө бурулууда. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек, Ош жана Манас шаарларында 36 мектептин жана кошумча окуу корпустарынын курулушу жүргүзүлдү", — деди Эрлист Акунбеков.

Анын маалыматына ылайык, бул мектептердин 20сы Бишкек шаарында, 10у Ош шаарында жана алтоо Манас шаарында курулууда. Бүгүнкү күнгө карата 36 мектептин 15инин курулушу толук аяктады. Калган объекттерде курулуш иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында өлкөдө социалдык объекттерди куруу жана оңдоп-түзөө, автомобиль жолдорун өнүктүрүү, транспорттук тыгындарды азайтуу, ошондой эле социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.