Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 2026-жылы "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, эмки жылы "Бирдиктүү терезе" принциби аркылуу электрондук түрдө арыз берүү, инвестициялык долбоорлорго онлайн жеткиликтүүлүк камсыздалат.
“2026-жылы электрондук түрдө арыз берүү, маалыматтарды борборлоштуруп сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү үчүн "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилет. Система "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштейт жана электрондук түрдө арыз берүүнү, инвестициялык долбоорлорго онлайн жеткиликтүүлүктү, маалыматтарды борборлоштуруп сактоону, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияны камсыз кылат. Биз өлкөбүздө ачык жана ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча системалуу иш алып баруудабыз”, - деди Сабиров.