2026-жылы Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 09 Декабрь 2025 17:50
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. 2026-жылы Кыргызстанда чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматты "Кабар" агенттигине КР Күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев тастыктады.

Анын айтымында, чемпионат 6-апрелден 12-апрелге чейин Бишкекте өтөт.