Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Афинадагы тарыхый Панатинаикос стадионунда өткөн салтанаттуу иш-чарада XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын уюштуруучуларына от расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Известия жазды.
Иш-чарага Грециянын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Исидорос Кувелос, 2026-жылкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруу комитетинин башчысы Жованни Малаго жана башка расмий коноктор катышты.
Салтанаттын соңунда Кувелос Малагого ыйык от тутанган факелди символикалуу түрдө өткөрүп берди.
Буга чейин Олимпиада оюндарынын оту 26-ноябрда аба ырайынын начардыгына байланыштуу Байыркы археология музейинде жагылган. Ал эми 2026-жылкы Кышкы Олимпиада 6–22-февраль күндөрү өтүп, тарыхтагы 25-оюн катары белгиленет. Мелдештер Милан, Кортина-д’Ампеццо, Бормио жана Ливиньо шаарларындагы спорт объектилеринде өтөт.