Бишкек, 13.01.26 /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Mercedes-Benz компаниясынын жеңил автоунааларынын сатылышы 9,2%га кыскарып, 1,8 млн даананы түздү. Бул тууралуу компаниянын маалыматында айтылганын, Интерфакс кабарлайт.
Анда белгиленгендей, Европада (Европа биримдигинин өлкөлөрү, Улуу Британия, Швейцария жана Норвегия) автоунаа сатуу 1%га азайып, 634,6 миң даананы түздү. Анын ичинде Германияда көрсөткүч дээрлик өзгөрүүсүз калып, 213,2 миң автоунаа сатылган.
Азия рыногунда сатуу кескин түрдө 16%га төмөндөп, 747 миң автоунааны түздү. Айрыкча Кытайда сатуу 19%га азайып, 551,9 миң даанага жетти. Түндүк Америкада сатуу көлөмү 12%га төмөндөп, 320,6 миң автоунааны түздү, анын ичинде АКШда да 12%дык төмөндөө катталып, 284,6 миң автоунаа сатылган.
Башка аймактарда, тескерисинче, сатуу 17%га өсүп, 98,7 миң автоунаага жетти.
Mercedes-Benz компаниясынын электр унааларын сатуу өткөн жылы 9%га кыскарып, 168,8 миң даананы түздү. Ошол эле учурда, төртүнчү чейректе бул көрсөткүч жылдык эсеп менен 3%га өсүп, 50,4 миң автоунаага жеткен.
Ошондой эле күн мурун Mercedes-Benz акцияларынын баасы 1,7%га төмөндөгөнү байкалды.