Январда 200 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанга саякаттады

Коом 24 март 2025 12:30
Январда 200 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанга саякаттады

Ташкент, 24.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын январында Өзбекстанга Кыргызстандын 211 262 жараны туристтик максатта келди, деп билдирет өлкө президентине караштуу Статистика агенттиги.

Көрсөтүлгөн мезгилде Өзбекстанга Тажикстандан (200 969 адам), Казакстандан (105 551), Россиядан (48 695), Ооганстандан (42 733), Түркмөнстандан (26 154), Түркиядан (11 660), Индиядан (5 049), Кытайдан (4 988), Түштүк Кореядан (2 896) жана башка өлкөлөрдөн (18 718) туристтер келген.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Өзбекстанга жалпысынан 678,7 миң чет элдик жаран туристтик максатта келген. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 158,5 миң адамга, же 30,5%га өскөн.

Буга чейин Өзбекстандын ар бир алтынчы тургуну гана саякатка чыга алары жана Кыргызстан туристтер үчүн эң популярдуу багытка айланганы маалымдалган.